• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанды көк бөрү боюнча дүйнөлүк биринчиликтен четтетүү маселеси каралууда

Спорт 0

Бишкек, 21.08.17 /Кабар/. Башкы калыстык коллегия Кыргызстандын курама командасын көк бөрү боюнча дүйнө биринчилигинен четтетүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Биздин команда оюнга уюштуруучу комитет тарабынан аттардын арткы буттарындагы такалары бар үчүн киргизилген жок. Ага байланыштуу Кыргызстандын командасы башкы калыстык коллегиянын атына нааразчылык билдирүү жөнөтүштү”,-деп айтылат маалыматта.

Маалыматта айтылгандай, уюштуруучулар кыргыз тайпасы аттардын арткы буттарындагы такаларын алышсын деп талап кылышкан. Кыргыз тайпасынын жетекчиси мындай талапка макул болгон эмес. Андан сырткары Кыргызстандын улакчылары биринчи турда Монголияга каршы чыкпай койгон, андан улам кыргыз оюнчулары 0:7 эсебинде утулду деп жарыялашкан.

Пикир

Оставить комментарий