• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанды Россияда өтө турган бизнес-форумга чакырышты

Экономика 0

Бишкек, 19.06.18. /Кабар/. Кыргызстанды Россияда өтө турган бизнес-форумга чакырышты. Бул тууралуу Россия-кыргыз өнүгүү фонду башкармалыгынын орун басары Олег Кудяков билдирди.

Жогорку Кеңеш менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташтык боюнча Парламенттер аралык комиссиянын сегизинчи жыйынында Кудяков бизнес жаатындагы бир нече ийгиликтүү Россиянын долбоорлорун атап, кыргыз тарапты Россияда өтө турга бизнес-форумга чакырды.

“Бизнес-форум 14-сентябрда болот, аталган иш-чарада бизнести өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор талкууланат. Ал жакта көптөгөн ишкерлер катышат”, - деп билдирди Кудяков.

Пикир

Оставить комментарий