• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык 12 боксчу Дүйнө чемпионатына катышууда — видео

Спорт 0


Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Белград шаарында старт алган бокс боюнча Дүйнө чемпионатына катышууда. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнач мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Дүйнө чемпионатына машыктыруучулар Данияр Төлөгөн уулу жана Акыйкат Абаевдин жетекчилиги алдында 12 спортчу катышып жатат.

Беттештин биринчи күнү Жакшылык Таалайбеков 1/16 финалга чыкты.

Ал эми бүгүн, 26-октябрда 63,5 кг салмак даражада Жантөрө Ташиев, 51 кг салмакта Азат Усеналиев жана 75 кг салмак категориясында Жаркынбек Туратов күч сынашат.

• 27-октябрь 60 кг салмакта Мунарбек Сейитбек уулу, 71 кг чейинкилер арасында Нурадин Рустамбек уулу, 86 кг салмак категориясында Эркин Адылбек уулу беттешет;
• 28-октябрь күнү 57 кг салмакта Акылбек Эсенбек уулу, 67 кг салмакта Жакшылык Таалайбеков, 29-октябрда 54 кг чейинкилер арасында Санжар Сейдакматов, 92 кг салмак категорияда Рустам Ырысбек уулу күч сынашат;
• 30-октябрда 48 кг салмакта Мирлан Туркбай уулу, 80 кг салмак даражада Өмүрбек Бекжигит уулу биринчи беттешин өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий