• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстандык 15 медик Москвадан квалификациясын жогорулатып келет

Ден соолук 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Кыргызстандык 15 медик Москвадан квалификациясын жогорулатып келет. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министрлиги балдардын ден соолугун чыңдоо системасында эмгектенген кыргызстандык 15 дарыгер үчүн илимий-практикалык окуу семинарларын өткөрөт.

Семинар 2021-жылдын 21-июнунан 2-июлга чейинки аралыкта Москвада өтөт. Бардык чыгымдарды, анын ичинде жол кире, жатакана, транспорт, тамак-аш Россия тараптан камсыз кылат.

Пикир

Оставить комментарий