• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстандык 2 дзюдочу Түркиядагы эл аралык турнирде күмүш медаль алышты

Спорт 0

Бишкек, 10-апрель /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Дзюдочулар Юрий Краковецкий жана Бектур Рысмамбетов Түркиядагы «AntalyaGrand-Prix 2017» эл аралык турниринде күмүш медаль алышты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР дзюдо улуттук федерациясынан билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, турнир 7-9-апрелде Анталья (Түркия) шаарында өтүп, дүйнөнүн 36 өлкөсүнөн дзюдочулар катышышты.

Кыргызстандан 11 спортчу: Баяман уулу Сагынбай (60 кг), Артур Те (66 кг), Бектур Рысмамбетов (66 кг), Бексултан Султанов (73 кг), Эрлан Шеров (81 кг), Айбек Акимов (81 кг), Шахриер Идрисов (90 кг), Фарух Булекулов (90 кг), Павел Гончаров (100кг), Юрий Краковецкий (+100кг), Ксения Бельдягина (57 кг) катышты.

“Биз дзюдочуларыбызды мыкты таймаштары менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз. Бул биздин курама команданын тарыхындагы гран-при баскычтарындагы эң жакшы көрсөткүчү болуп саналат”, - деп белгилешти федерациядан.

Пикир

Оставить комментарий