• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык 2 спортчу Бакуда ММА боюнча чемпион болушту

Спорт 0

Бишкек, 30-март /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Жайыл Жакшылык уулу жана Турсунбек Асылгазиев Бакуда (Азербайжан) ММА боюнча чемпион куруна ээ болушту. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Ж.Жакшылык уулу билдирди.

Ал белгилегендей, Бакуда өткөн КЕМРО мушташ искусствосу боюнча 2-Азия оюндарында Кыргызстандан 3 спортчу катышкан.

Ж.Жакшылык уулунун айтымында, КЕМРО өзүнө ММА, грэпплинг, джиу-джитсу жана башка спорттун түрлөрүн камтыйт. Бирок, эң кызыктуу мушташ ММА.

“Мен 70 кг чейинки салмак категориясында азербайжан мушкерин жеңип, чемпион куруна ээ болдум”, - деди ал.

Экинчи спортчу Турсанбек Асылгазиев 77 кг чейинки категорияда чемпион болду.

Үчүнчү кыргызстандык Бакыт Кадыров 76 кг салмак категориясында мушташта уттуруп, кийинки күнү грэпплинг боюнча мелдеште алтын медаль утуп алды.

Кыргызстандан тышкары, мелдештерге Индия, Кытай, Афганистан, Иран жана Азербайжан спортчулары катышышты. Бул оюндар алгачкы жолу Индияда өткөн.

Пикир

Оставить комментарий