• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык 24 студент “КМШнын мыкты студенти-2020” наамын алды

Билим 0

Бишкек, 18.11.20. /Кабар/. КР Билим берүү жана илим министрлигинде “КМШнын мыкты студенти-2020” конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Ведомствонун басма соз кызматы билдиргендей, жеңүүчүлөрдү билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев куттуктады.

Долбоордун негизги максаты жаш окумуштуулардын инновациялык долбоорлорун аныктоо болду. Ошондой эле, КМШдагы бардык ЖОЖдордун ичинен илимий-изилдөө иштеринде, чыгармачылыкта, студенттик башкармачылыкта, спортто жана билим берүү тармагын өнүктүрүү аянтчаларын түзүүдө, КМШ өлкөлөрүнүн студенттик кызматташуусун калыптандырууда өзгөчөлөнө алган студенттерди аныктоо жана мындан аркы ийгиликтерге шыктандыруу дагы долбоордун максаттарынын бири.

Аталган конкурска КМШ өлкөлөрүнөн 600 арыз ташталган. Кыргызстандан 70 студент катышып, алардын 24ү “КМШнын мыкты студенти” аталган.

“КМШнын мыкты студенти-2020” эл аралык долбоору 2020-жылдын март айында башталган. Долбоор “Бобек” жалпы улуттук кыймылы жана КМШ жаш окумуштуулар ассоциациясы тарабынан уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий