• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык 3 балбан Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 09.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын үч балбаны 2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Олимпиада оюндарына Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Акжол Махмудов (77 кг) жана Үзүр Жусупбеков (97 кг) жолдомо алышты. Азыркы тапта үч балбан тең мелдештин финалына чыкты.

Белгилей кетсек, 9-11-апрелде Казакстандын Алматы шаарында Азия квалификациялык мелдеш өтүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин Олимпиада оюндарына Атабек Азисбеков (грек-рим күрөшү), Айсулуу Тыныбекова (күрөш), Дарья Маслова, Юлия Андреева жана Мария Коробицкая (жеңил атлетика), Денис Петрашов (сууда сүзүү) лицензия алган.

Нет описания.

Пикир

Оставить комментарий