• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандык 3 спортчу пауэрлифтинг боюнча Дүйнө кубогу үчүн күч сынашат

Спорт 0

Бишкек, 25.09.19. /Кабар/. Токиодо мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында спорттун пауэрлифтинг түрү боюнча Дүйнө кубогуна Кыргызстандык 3 спортчу катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Дүйнө кубогу Токио шаарында 25-27-сентябрда өтөт. Мелдешке 13 өлкөдөн 64 спортчу катышып, 2020-жылы өтө турган Паралимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн күч сынашат.

Кыргызстандын атынан 3 спортчу: Максат Аргымбаев (80 кг чейинки), Жыргалбек Оросбаев (107 кг чейинки) жана Адилет Камчыбеков (107 кг жогору) катышат.

Башкы машыктыруучу Аднан Жабраилов баштаган спортчулар Токио шаарына учуп кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий