• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык 6 жаштагы шахматчы дүйнө чемпионатында “коло” алды

Спорт 0

Бишкек, 2-май /Кабар/. Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет шахмат боюнча мектеп окуучулары арасындагы дүйнө чемпионатында Кыргызстандык жаш шахматчы коло байгеги ээ болду. Бул тууралуу КР шахмат Федерациясы билдиргенин sport.kg/ жазат.

Белгиленгендей, турнир Ясса (Румыния) шаарында өткөн. Кыргызстандык 6 жаштагы Чыңгыз Султай коло медалдын ээси болуп, ага ФИДЕ чеберине талапкер титулу ыйгарылды. Ал дүйнөнүн 40тан ашык өлкөсүнүн 65 спортчусунун ичинен үчүнчү болуп чыкты.

Эскерте кетсек, Чыңгыз Султай машыктыруучу Азиз Умарбековдун шакирти.

Пикир

Оставить комментарий