• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык Айаал Лазарев эркин күрөш боюнча Дүйнө кубогунда коло утту

Спорт 0

Бишкек, 18.12.20. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Айаал Лазарев эркин күрөш боюнча Дүйнө кубогунда коло медаль утту. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында айтылат.

Мелдеш 12-18-декабрда Белград шаарында (Сербия) өтүүдө.

Айаал Лазарев 125 кг салмакта күчүн сынаган. Ал мелдештин 1/8 финалынан тарта күрөшүп баштаган. Алгачкы атаандашы канадалык Амарвер Дхесини 11:8 эсебинде жеңген. Чейрек финалда Лазарев молдовалык Егор Оларды 4:2 эсебинде утса, жарым финалда польшалык Роберт Баранга 0:6 эсебинде утулуп, коло медаль үчүн кармашууга мүмкүнчүлүк алган.

Коло үчүн күрөшүүдө Лазарев азербайжандык Жамаладдин Магомедовду ири 11:0 эсебинде артта калтырган.

Эскерте кетсек, аталган мелдеште Кыргызстандын куржунунда буга чейин 6 медаль чогулган: грек-рим күрөшү боюнча Жоломан Шаршенбеков, кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарова алтын медаль жеңишкен.

Ал эми Калы Сулайманов, Руслан Царев жана Айпери Медет кызы коло медалдын ээси болушкан.

Пикир

Оставить комментарий