• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык аял бөтөн документ менен 7 жашар баланы өлкөдөн алып чыгууга аракеттенген

Укук тартиби 0

БИШКЕК, 09.08.17. /Кабар/. Кыргызстандык аял өлкөнүн аймагынан бөтөн документ менен кичинекей баланы алып чыгууга аракет жасаганын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирген.

Алардын маалыматы боюнча, 8-августта “Чалдыбар-унаа жолу” көзөмөл-өткөрмө пунктунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын тилкесинде 7 жашар баланы Кыргызстандан башка бирөөнүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен алып чыгып кетүүгө аракет кылган КР жараны кармалган.

1987-жылы туулган Кыргызстандын жараны Э.Э. документтерди текшерүүдө чек арачыларга РФ тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүктү көрсөткөн. Балага берилген суроолордун жооптору күбөлүктөгү маалыматтар менен дал келбей калган. Кармалган аялдын айтымында, ал баланын атасы уруксат бербей койгондуктан, жасалма күбөлүктү жасаткан.

Тиешелүү документтер түзүлгөн соң, кармалган аял КР ИИМ аймактык бөлүктөрүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий