• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык Айканыш Аманова АКШда өтүп жаткан ачык чемпионатта 3 медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 29.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык дзюдо чебери Айканыш Аманова АКШда өтүп жаткан ачык чемпионатта 3 медаль утту. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, турнир Флорида штатында өтүп жатат. Кыргызстандык спортчу ардагерлер арасындагы категорияда өз күчүн сынаган.

Турнирдин F4 бөлүгүндө 48 кг жана 52 кг чейинки салмак ченинде Аманова 2 күмүш байгеге ээ болсо, F1 бөлүгүндө 52 кг чейинки салмак ченинде жалгыз катышуучусу болуп, алтын медаль тагынган.

Пикир

Оставить комментарий