• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандык Айпери Медет кызы күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду

Спорт 0


Бишкек, 5-август /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Финляндияда өтүп жаткан аялдардын күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш биримдигинин расмий сайтында жарыяланды.

Кыргызстандык спортчу финалда 72 кг чейинки категорияда япониялык Ясуха Мацуюкини 8:6 эсебинде жеңген.

Айпери Медет кызы 2016-жылы жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта күмүш байгелүү болгон.

Пикир

Оставить комментарий