• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык Айжан Съездбекова шахмат боюнча Азия чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 09.04.19. /Кабар/. Кыргызстандык Айжан Съездбекова өспүрүмдөр арасындагы шахмат боюнча Азия чемпиондугунда алтын медалдын ээси болду. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча федерациядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, турнир Калутара (Шри-Ланка) шаарында өтүп жатат, биринчилик үчүн 10 жашка чейинки кыздар ат салышкан.

Съездбекова сегиз упай топтоп алдыга чыгып, Азия чемпиону болду.

Пикир

Оставить комментарий