• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык актерлор Ташкенттеги эл аралык кинофестивалда жеңүүчү аталды

Маданият 0

Бишкек, 03.12.18 /Кабар/. Ташкентте "PROlogue-2018" эл аралык кинофестивалы жыйынтыкталды. Иш-чаранын жабылуу аземинде сыйлык ээлеринин аты аталды.

"PROlogue-2018" эл аралык кинофестивалында кыргызстандык Акылбек Абдыкалыков "Мыкты актер" наамына татыктуу деп табылды. Ага бул сыйлык Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" тасмасындагы ролу үчүн берилгенин centralasian.org жазып чыкты.

Күн мурда аталган фестивалдын "Мыкты актриса" номинациясы да кыргызстандык Мадина Талипбекке ыйгарылганы кабарланган.

Кыргыз-өзбек киночулары чогуу тарткан "Делбирим" тасмасында Мадина Аселдин ролун жараткан.

Фильм Кыргызстанда 6-декабрда чоң экрандарга чыгат.

"PROlogue" — Эл аралык кинофестивалы Өзбекстанда негизделип, төртүнчү ирет өттү. Фестивалдын сайтындагы кабарга караганда, быйыл 60 өлкөдөн 289 тасма сунушталган. Андан сегиз толук метраждуу, 14 кыска метраждуу, тогуз улуттук (Өзбекстанда тартылган) кыска фильмдер сынакка өткөн.

Пикир

Оставить комментарий