• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык актриса Борбор Азиянын мыкты модели деп табылды

Коом 0

Бишкек, 27-июнь /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык модель жана актриса Мээрим Атантаева Түштүк Кореяда өткөн "Asian Model Festival" сынагында Борбор Азиянын эң мыкты модели деп табылды.

Атантаева өзүнүн “Instagram” баракчасына сынакка өз мамлекеттеринин атынан чыккан жана ал жакта таанымал болгон бир нече конкурсант катышканын билдирип, “Мен болсо алардын жанында жөнөкөй эле адаммын бирок мени мыкты деп тапкандан кийин, эмнеге тайсалдашым керек, туурабы?”, - деп жазган.

Эскерте кетсек, 2016-жылы Борбор Азиянын мыкты модели деп Кыргызстандык Айжамал Осмонова табылган болчу.

“Asia Model Festival” сынагы Түштүк Кореяда 10 жылдан бери өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий