• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык акындар “Самарканддын поэзия кечтери” конференциясына чакырылды

Маданият 0

Бишкек, 23.10.18. /Кабар/. Өзбекстанда “Самарканддын поэзия кечтери” аттуу конференция өтөт, ага кыргыз акындары чакыруу алышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча малекеттик агенттиги кабарлайт.

Иш-чаранын максаты – жаш акындарга колдоо көрсөтүп, алардын кесипкөй жана көркөмдүк мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу, жана ошондой эле диалог курууга пайдубал түзүү.

Жыйынга катышууга түрк тилдүү өлкөлөрдүн акындар коомчулугунун 30 жашка чейинки өкүлдөрү чакырылган. Алардын арасында Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Түркия (ар бир өлкөдөн 5 өкүл) бар.

Өзбекстандын жаштар Союзу конференцияга катышуучулардын баардык чыгымдарын (тамак-аш, жашоо) өз мойнуна алат. Ал эми катушуучуларды жиберген тарап алардын жол акысын төлөп берүүсү керек.

Форумга катышуу үчүн үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрына чейин jashbulak@gmail.com электрондук дарекке өзүнүн чыгармаларын жана резюмесин жиберүүсү керек.

Кечени Өзбекстандын жаштар союзу жана Өзбекстандын жазуучулар Ассоциациясы уюштурууда.

Пикир

Оставить комментарий