• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык альпинисттер К2 чокусун кышында багындырууну көздөөдө – азырынча аны багындырган эч ким жок

Коом 0

Бишкек, 26.11.18. / Кабар/. Кыргызстандын альпинисттери жердин экинчи бийик чокусу К2 багындырууну ойлонуштуруп жатышат. Бул тууралуу альпинизм боюнча эл аралык класстагы спорт чебери Сергей Селиверстов “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйын учурунда кабарлады.

Маалымат жыйынында айтылган дагы бир жагымдуу жаңылыктардын - бул кечээ, 25-ноябрда анын командасына дүйнө чемпиону наамы ыйгарылганы болду.

“Кечээ эле дүйнө чемпиондугунун калыстар чечими чыгарылды. Корженевская чокусуна кышында жаңы жол менен чыкканыбыз үчүн биздин командага дүйнө чемпиону наамы ыйгарылды. Командада кыргыз тараптан Михаил Даничкин, Семен Дворниченко жана мен болдум”,- деди Селиверстов.

Пландары тууралуу айтып жатып ал Гималайдан түндүк-батыштагы Балторо кыркасына жасала турган экспедиция тууралуу айтты. Аны ал жакка казак жана россиялык альпинисттер чакырышкан.

“Жетишкендиктери үчүн биздин “Ак илбирс” командабызга эл аралык казак-кыргыз-орус экспедициясына катышууну сунушташты. Учурда биз каражат издеп жатабыз. Келерки жылдагы долбоорубуз өтө опурталдуу. Кышында бир да адам чыкпаган дүйнөдө бийиктиги боюнча экинчи турган К2 чоксуна кышында чыгуу”, - деди ал.

Ал кошумчалагандай, аталган чокуга 5 ири экспедиция уюштурулуп, анын бирөө да максатына жете алган эмес.

Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов кыргыз спортчуларынын катышуусу маанилүү экендигин белгилеп, спортчуларды колдоого аракет кыларын билдирди.

“Азыр камсыздандыруу маселеси бар. Баардык эле камсызданыруу компаниясы альпинисттерди камсыздандыруу жоопкерчилигин ала бербейт. Бул көп каражатты талап кылат. Биз компаниялар менен бир нече ирет сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Жакын арада бир сөзгө келип, колдо бар каражатка жете алабыз деп ойлойм”.

Маалымат үчүн: Евгения Корженевская чокусу (7105 м) - мурдагы СССРдин жети миң метрлик төрт чокусунун бири. Ал Илимдер академиясы кыркасынан түндүк бөлүгүндө, Коммунизм чокусунан 13 чакырым алыстыкта орун алган.

Ал чокуну орус окумуштуусу, географ Н. Корженевский 1910-жылы 23-августта ачып, чоку анын жубайы Евгения Корженевскаянын атын алган. 1927-жылдан тарта Корженевская чокусу аталышы расмий түрдө географиялык карталарда жазыла баштаган.

Пикир

Оставить комментарий