• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстандык Алекс Эрнандес аскага чыгуу боюнча Азия биринчилигинде алтын медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. Кыргызстандык Алекс Эрнандес жаштар арасында аскага чыгуу боюнча Азия биринчилигинде алтын медаль утуп алды. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча федерациясынан билдиришти.

Мелдеш 12-15-декабрда Индиянын Бангалоре шаарында өттү.

"Жарышка 12 өлкөнүн спортчулары татаалдыкка, ылдамдыкка жана боулдеринг боюнча күч сынашты. Мелдештин акыркы күнүндө ылдамдыкка жарышышкан. Кыргызстандык спортчу В тайпасында катышып, жеңүүчү аталды", - деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, дагы бир кыргызстандык Даниил Абабков мелдештин 12-орунуна жайгашты.

Пикир

Оставить комментарий