• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык Александр Сапожников гиря спорту боюнча дүйнө чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 05.11.18 /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Александр Сапожников гиря спорту боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утуп алды. Мелдеш Бухара шаарында Эл аралык гиря спорту федерациясынын версиясы боюнча өткөн.

Sport.kg сайтына спортчу өзү билдиргендей, ал эркектер арасындагы 75 килограммга чейинки салмак категориясына катышкан. 10 мүнөттүн ичинде ал ар бири 24 килограмм болгон эки гиряны 81 жолу көтөргөнгө жетишкен.

КРнын курама командасынын калган катышуучуларынын байгелүү орундары азырынча такталууда жана жакынкы убакта жарыяланат. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча Екатерина Старикова жана Александр Петров дагы алтын медалдарды жеңип алышкан.

Пикир

Оставить комментарий