• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык Алигаджи Гамидгаджиев күрөш боюнча Азия чемпионатында күмүш медал жеңди

Спорт 0

Бишкек. 26.04.19 /Кабар/. Кыргызстандык Алигаджи Гамидгаджиев эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында күмүш медал жеңип алды. Бул тууралуу турнирдин расмий сайтында кабарланат.

86 килограмм салмакта күрөшкөн Гамидгаджиев финалда ирандык балбан Камран Горбан Гасемпурга 0 – 10 эсебинде утулуп калды.

Эске салсак, Азия биринчилиги кытайдын Сиань шаарында өтүп жатат.

Кыргызстандык балбандар Мээрим Жуманазарова (68 кг) жана Ойбек Насиров (78 кг) коло медалдын ээси болушкан.

Дагы бир балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта турнирдин финалына чыкты.

Пикир

Оставить комментарий