• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандык алты балбан ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Кыргызстандык алты балбан ардагерлер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына катышат.

Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришкендей, грек-рим жана эркин күрөш боюнча мелдеш 19-24-октябрда Грециянын Лутраки шаарында өтөт.

Кыргызстандын намысын төмөнкү балбандар коргойт:

1. Калмурза Жолдубаев - 70 кг (грек-рим күрөшү);
2. Талант Бегалиев - 70 кг (эркин күрөш);
3. Роман Сарыбаев - 88 кг (эркин күрөш);
4. Арген Бегалиев - 88 кг (эркин күрөш);
5. Чынарбек Изабеков - 100 кг (эркин күрөш);
6. Сааданбек Ниязов - 130 кг (эркин күрөш).

Пикир

Оставить комментарий