• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык алты боксчу Венгриядагы эл аралык мелдешке катышат

Спорт 0

Бишкек, 03.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Венгрияда өтө турган BOCSKAI эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спорттук иш-чара 6-12-февраль күндөрү Дебрецен шаарында өтөт.

Курама команданын тизмеси:
1. Асылбек Аманкул уулу – 48 кг;
2. Нуржигит Дүйшөбаев – 51 кг;
3. Санжар Сейдакматов – 57 кг;
4. Мунарбек Сейитбек уулу – 60 кг;
5. Жакшылык Таалайбеков – 67 кг;
6. Эркин Адылбек уулу – 86 кг.

Бокс боюнча курама команданын мүчөлөрү башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана машыктыруучу Акыйкат Абаевдин жетекчилиги астында мелдешке катышат.

Пикир

Оставить комментарий