• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстандык окуучу менталдык арифметика боюнча Эл аралык олимпиадада жеңүүчү болду

Билим 0

Бишкек, 30.01.20. /Кабар/. Минск шаарында өткөн менталдык арифметика боюнча Эл аралык олимпиадага Бишкек шаарынын №13 мектебинин окуучусу Меркин Артем катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Артемду колдоо үчүн Кыргызстандын Беларусиядагы элчилигинин өкүлдөрү барышкан.

Олимпиадага Кыргызстан, Беларус, Россия, Казакстан жана Кытай мамлекеттеринен 100дөн ашык окуучулар катышты. Анын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын өкүлү А.Меркин эӊ жогорку балга татыктуу болуп, «Супер чемпион» наамын утуп алды. Ошондой эле Кытай жана Чыгыш Европа боюнча маданият жана билим боюнча Борбордун Ардактуу грамотасына татыды.

Андан тышкары, кыргызстандык окуучу Олимпиаданын көңүл ачуучу программасына катышып, анда Кыргызстан тууралуу видеороликти көрсөтүп, кыргыз улуттук кийимин кийип, кыргыздын добулбас аспабында ойноп жатып, бир эле мезгилде экрандагы сандарды кошуп чыгарып, катышуучуларды таӊ калтырган.

А.Меркин Кыргызстанда, Түркияда, Россияда, Казакстанда, Беларуста, Малайзияда өткөн менталдык арифметика боюнча эл аралык 13 олимпиаданын катышуучусу жана жеӊүүсү.

Пикир

Оставить комментарий