• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык артисттер Германиядагы мекендештерине концерт беришет

Маданият 0

Бишкек, 18.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кыргызстандык артисттер Германиянын эки шаарында шоу-концерт өткөрүшөт. Бул тууралуу иш-чаралардын уюштуруучусу Тимур Ысыев билдирди.

Концерт “Ак Бата” кыргыз-герман чыгармачыл кызматташтыгы тарабынан демилгеленген. Шоу-программада Кайрат Примбердиев, джаз музыканты Тимур Ысыев, ырчы Курманжан Тимур кызы катышышат.

Концерт 27-октябрда Гамбург жана 28-октябрда Дармштад шаарларында өтөт. Максаты – Германияда жашаган мекендештерди бириктирүү.

Пикир

Оставить комментарий