• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык Артур Те Азия оюндарында дзюдо боюнча коло медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 29.09.18 /Кабар/. Кыргызстандык Артур Те Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында дзюдо боюнча коло медаль утуп алды.

Ал 66 килограмм салмакка чейинки категорияда күрөшүп, үчүнчү орун үчүн өзбекстандык спортчу менен кармашкан.

Ушул эле салмакта дагы бир коло медалды казакстандык Елдос Жуканов утуп алган.

Алтын медалды Түштүк кореялык спортчу Ан Баул алган. Ал финалда япониялык Йоширо Маруяманы жеңген.

Азия оюндарында жалпысынан кыргызстандык спортчулар 18 медаль тагынышты. Анын ичинде 2 алтын, 6 күмүш жана 10 коло медаль бар.

Пикир

Оставить комментарий