• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык ажыларды Меккеге «Flaynas» авиакомпаниясы ташыйт

Коом 0

Бишкек, 14.02.18. /Кабар/. Кыргызстандык ажыларды Меккеге «Flaynas» авиакомпаниясы ташыйт. Бул тууралуу КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жыйындар залында 2018-жылдагы ажыларды ташуучу тараптар ортосунда сынак өтүп, ага Сауд Араб Падышачылыгынын жарандык «Flaynas» авиакомпаниясы гана катышты. Конкурска Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары, 2018-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын жетекчиси Жоробай ажы Шергазыев, КРдин жарандык авиациясынын жана убактылуу республикалык штабдын өкүлдөрү катышты.

Конкурстун жүрүшүндө Азирети Муфтийдин орун басары 2017-жылдагы ажылык иштери мыкты уюштурулуп, САПтын ажылык министрлиги тарабынан жогорку деңгээлде баалангандыгын баса белгилеп, УРШнын ишине ийгилик каалады.

Андан соң конкурстун талаптарына ылайык «Flaynas» авиакомпаниясы тиешелүү документтерин сунуштап, эки тараптуу талкуу жүргүзүштү. Ал эми быйылкы жылы «Flaynas» авиакомпаниясы Кыргызстандык ажыларды ташууда авиабилеттин наркы 1550 АКШ доллар болоорун баса белгилеп, авиакомпания 2017-жылдагы баа боюнча калтырылгандыгын кошумчалады.

«Flaynas» авиакомпаниясы ажыларды 10 жылдан бери ташып келет. Бул жылдар аралыгында авиакомпания ажыларга жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүүгө аракет жасап, алар үчүн бардык шарттарды түзүүгө бел байлап келет»,-деди «Flaynas» авиакомпаниясынын Кыргызстандагы өкүлү Таалайбек Окенов.

Конкурстун жыйынтыгында 2018-жылдагы убактылуу республикалык штабдын өкүлдөрү бир добуштан ажыларды ташууда кызмат көрсөтүү үчүн «Flaynas» авиакомпаниясын тандап алышты.

Пикир

Оставить комментарий