• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Мединага эсен-аман жетишти (сүрөт)

Коом 0

Бишкек, 25.07.18. /Кабар/. Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Сауд Арабиянын Медина шаарына эсен-аман жетишти. Бул туурасында ажылыкты уюштуруу боюнча штаб мүчөсү Жигитали ажы Исмаилов жеринде кабарлады, - деп билдирет муфтияттын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, учурда ажыларды тосуп алуу, автобустарга жайгаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.

"Быйылкы жылы Кыргызстандык ажылар үчүн түзүлгөн шарттар абдан жакшы. Эң өзгөчөлүгү быйыл биздин жарандарыбыз үчүн заманбап автобус жана мейманкана Пайгамбарыбыздын мечитинен 20 метр алыстыкта жайгашкан", - деди Жигитали ажы Исмаилов.

Эскерте кетсек, бүгүн кечки саат 22:00дө зыяратчылардын 2-тобу Медина шаарына учуп кетмекчи.

Пикир

Оставить комментарий