• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык балбан Айаал Лазерев Болгариядагы мелдеште коло утту

Спорт 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Айаал Лазерев Болгариядагы дүйнөлүк лицензиялык мелдеште коло утту. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында жазылат.

Мелдеш 6-9-майда София шаарында өттү.

Лазерев 125 кг салмакта катышып, алгачкы индиялык атаандашына утулуп калган. Бирок индиялык балбан мелдештин финалына чыккандыгы үчүн кыргызстандык спортчу кийинки этапка өткөн. Анда Айаал Лазерев тажикстандык жана молдовалык балбандарды жеңип, коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Коло медаль үчүн кармашууда кыргызстандык спортчу венгриялык Жозе Даниэлди 7:5 эсебинде жеңип алган.

Пикир

Оставить комментарий