• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандык балбан ардагерлер арасындагы Дүйнө биринчилигинде экинчи орунга татыды

Спорт 0

Бишкек, 11.10.19. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Бердикул Караев ардагерлер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде экинчи орунга татыды. Бул тууралуу Бириккен күрөш уюмунун сайтында жарыяланды.

Грузиянын Тбилиси шаарындагы турнирде Караев 88 кг чейинки салмакта катышкан. Ал килем үстүнө 3 жолу чыгып, анын экөөсүн жеңиш менен жыйынтыктаган. Кыргызстандык балбан Венгрия жана Ирандын спортчуларын жеңген. Бирок, Германиянын балбанынан утулуп, экинчи орунга илинген.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган турнирде Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов 70 кг чейинки салмакта катышып, коло медаль тагынган.

Пикир

Оставить комментарий