• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандык балбан Атабек Азисбеков Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Спорт 0

Бишкек, 16.09.10 /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Атабек Азисбеков 2020-жылы Японияда өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алды.

Ушал тапта Нур-Султан шаарында (Казакстан) өтүп жаткан дүйнө чемпионатында Азисбеков 87 кг чейинки салмак кченинде килем үстүнө чыккан.

Балбан Түркмөнстандан (6-0) жана Кытайдан келген атаандаштарын (6-1) жеңип, Олимпиада оюндарына жолдомо алды.

Эми кыргыз мушкердин алдында өлкө үчүн биринчи медалды багындыруу тапшырмасы калды. Ал “коло” медалы үчүн өзбек балбаны Рустам Ассакалов менен килем үстүнө чыгат.

Эскерте кетсек, кыргызстандык жөө күлүк Юлия Андреева жана суучул Денис Петрашов Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алышкан.

Пикир

Оставить комментарий