• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык балбан Азат Салидинов Азия биринчилигинде алтын үчүн күрөшөт

Спорт 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Грек-рим күрөшүнүн балбаны (87 кг) Азат Салидинов Индияда өтүп жаткан Азия биринчилигинин финалына чыкты. Бул тууралуу unitedworldwrestling.org сайтында айтылат.

Кыргызстандык спортчу финалдык беттеште индиялык балбан Кумар Сунил (Kumar Sunil) менен күрөшөт.

Ошондой эле эки балбан коло үчүн күч сынашат. 77 килограмм салмакта Ренат Иляз уулу өзбекстандык балбан Бекзод Умаров менен, ал эми 130 килограмм салмакта Роман Ким индиялык Сингх Мехар (Singh Mehar) менен күрөшөт.

Эскертке кетсек, Нью-Делиде (Индия) өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилиги 18-23-февраль күнү болуп өтөт.

Пикир

Оставить комментарий