• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык балбан Түркиядагы эл аралык мелдеште алтын утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 13-март /Кабар/. Кыргызстандык балбан Түркияда өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль утуп алды. Бул тууралуу КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

10-марттан 12-мартка чейин Стамбул (Түркия) шаарында “Яшар Догу” эркин күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өттү.

Мелдешке Түркия, Армения, Азербайжан, Россия, Польша, Казакстан, Болгария, Румыния, Норвегия жана Кыргызстандан спортчулар катышты.

Кыргызстандык спортчу Муслим Евлаев 74 кг чейинки салмактык категорияда ат салышты.

Финалдык беттеште М.Евлаев 2014-жылдагы дүйнө чемпиону Хетог Цаболов (Россия) менен бет келишип, каршылашын 6:1 эсебинде утууга жетишти.

Эскерте кетсек, эркин күрөш боюнча Кыргызстан курама командасы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын эсебинен кетишкен. Дирекциянын бюджетинен 1 млн 245 миң сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий