• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандык балбан Улукбек Жолдошбеков Азия чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. Эркин күрөш боюнча Индияда өтүп жаткан Азия биринчилигинде кыргызстандык Улукбек Жолдошбеков алтын медаль утту.

Турнир Индиянын Нью-Дели шаарында өттү.

Кыргызстандык балбан Жолдошбеков 61 кг чейинки салмактык категорияда беттешке чыккан. Ал казакстандык, ирандык, индиялык жана тажикстандык балбандарды жеңип алган.

Биринчи орун үчүн болгон жыйынтыктоочу беттеште Жолдошбеков тажикстандык Мухамад Икромовду утуп алган.

Пикир

Оставить комментарий