• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык балбандар АКШдагы эл аралык мелдеште алты медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 21.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбандар АКШдагы Билл Фарреллди эскерүү боюнча эл аралык мелдештен байгелүү кайтты. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Турнир 18-19-ноябрда Нью-Йорк шаарында өттү.

Грек-рим күрөшү боюнча медалга ээ болгон балбандар:

алтын медаль – Атабек Азисбеков, 97кг;
күмүш медаль – Тынар Шаршенбеков, 72кг;
күмүш медаль – Мелис Айтбеков, 97 кг;
коло медаль – Калидин Асыкеев, 87 кг.

Эркин күрөш боюнча медалга ээ болгон балбандар:

алтын медаль – Тайырбек Жумашбек уулу, 65кг;
алтын медаль – Орозобек Токтомамбетов, 74 кг.

Белгилей кетсек, Тайырбек Жумашбек уулу турнирдин мыкты балбаны аталды.

Пикир

Оставить комментарий