• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык балбандар Алтай крайынын ачык чемпионатында алтын жана коло медаль алышты

Спорт 0

Бишкек, 18-апрель /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык балбандар Алтай крайынын ачык чемпионатында алтын жана коло медаль алышты. Бул тууралуу Мамлекеттик спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, 8-9-апрелде Барнаул шаарында Раффи Исраеляндын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча Алтай крайынын II ачык чемпионаты өттү.

Мелдештерге Казакстан, Кыргызстан, Алтай Республикасынын, Красноярск крайынын, Тюмень, Новосибирск, Кемерово, Томск облустарынын спортчулары катышышты.

Кыргызстандык Миляс Марков 130 кг чейинки салмак категориясында алтын медаль алды.

Дагы бир кыргызстандык балбан Арам Акопян 98 кг чейин салмак категориясында коло медаль жеңип алган.

Пикир

Оставить комментарий