• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык балбандар Азия чемпионатына катышышат

Спорт 0

Бишкек, 10-май /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык балбандар Индияда өтүүчү грек-рим, эркин жана аялдар күрөшү боюнча Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу КР күрөш федерациясынан билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, азия биринчилиги 10-14-майда Нью-Делиде өтөт.

Чемпионатта үч түрдө медалдар үчүн Кыргызстандан 18 балбан күрөшөт.

Грек-рим күрөшү боюнча:

- Сулайманов Калы;
- Абдуганиев Нурбек;
- Асангулов Нургазы;
- Бейшалиев Бурго;
- Ширдаков Самат;
- Бейшебеков Аскат.

Башкы машыктыруучу Бегалиев Канат, ага машыктыруучу Эркимбаев Азат.

Аялдар күрөшү боюнча:

- Байызова Саяна;
- Тилегенова Розалия;
- Марсбек кызы Назира;
- Тыныбекова Айсулуу;
- Медет кызы Айпери.

Башкы машыктыруучу Изабеков Нурбек

Эркин күрөш боюнча:

- Жолдошбеков Улугбек;
- Осмонов Алибек;
- Маматаев Адилет;
- Евлаев Муслим;
- Усупов Саякбай;
- Мусаев Магомед;
- Касманбетов Айбек.

Башкы машыктыруучу Маджинов Руслан, ага машыктыруучу Табалды уулу Суймонкул.

Пикир

Оставить комментарий