• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандык балбандар Египеттеги эл аралык мелдештен тогуз медаль менен кайтты

Спорт 0

Бишкек, 27.02.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбандар Египеттеги Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешинен тогуз медаль менен кайтты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.

Мелдеш 21-26-февраль күндөрү Александрия шаарында өттү. Кыргызстандын куржунуна үч алтын, бир күмүш жана беш коло байге топтолду.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча: 1-орун – Айсулуу Тыныбекова (62 кг); 3-орун – Айпери Медет кызы (76 кг); 3-орун – Мээрим Жуманазарова (68 кг).

Грек-рим күрөшү боюнча: 2-орун – Акылбек Талантбеков (82 кг); 3-орун – Сыймык Махмудов (63 кг); 3-орун – Раззак Бейшекеев (67кг).

Эркин күрөшү боюнча: 1-орун – Эрназар Акматалиев (70 кг); 1-орун – Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг); 3-орун – Бекзат Алмаз уулу (57 кг).

Пикир

Оставить комментарий