• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык балбандар кулатуу боюнча беттеште Грузиянын командасын 7:3 эсебинде утушту

Спорт 0

Бишкек, 27-март /Кабар/. Кыргызстандык балбандар кулатуу боюнча беттеште 7:3 эсебинде Грузиянын командасын утушту. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине MMA WEF спортун өнүктүрүү боюнча директору Кубанычбек Аманбеков билдирди.

Анын айтымында, 25-мартта Бишкекте Дүйнөлүк кулатуу федерациясынын 7-мелдешинин - WEF Global 7 алкагында Кыргызстан менен Грузиянын курама командаларынын ортосунда кулатуу боюнча беттеш болду.

Анын алкагында эки өлкөнүн күчтүү балбандарынын катышуусу менен 10 беттешүү болду. Муну менен катар рейтингдик беттештер болду, ага Казакстан жана Өзбекстандан дагы спортчулар катышты.

“Негизинен биздин балбандар жеңишти. Жыйынтыгында жалпы эсеп боюнча Кыргызстан 7:3 эсебинде Грузияны утту. Мындан тышкары, алар казакстандык, өзбекстандык балбандар менен дагы ат салышып, анда дагы жакшы жыйынтыктарды көрсөтүштү”,-деди К.Аманбеков.

Пикир

Оставить комментарий