• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстандык балбандар Россиядагы мелдеште 11 медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөш балбандары Россиядагы эл аралык мелдеште 11 медаль утушту. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 14-16-февраль күндөрү Новокузнецк шаарында (Россия) болуп өткөн. Мелдештин жыйынтыгында кыргызстандык балбандар 6 алтын, 3 күмүш жана 2 коло байге утушкан.

77 килограмм салмакта бардык медалдарды кыргызстандык спортчулар алган.

Алтын байге алгандар: Балбай Дордоков (55 кг), Султанбек Абдуллаев (72 кг), Кайрат Түгөлбаев (77 кг), Атабек Азисбеков (87 кг), Үзүр Жузупбеков (97 кг), Мурат Рамонов (130 кг).

Күмүш байге ээлери: Дастан Кадыров (60 кг), Халмурат Ибрагимов (67 кг), Акжол Махмудов (77 кг).

Коло медаль тагынгандар: Рустам Рахматуллаев (82 кг) жана Илгиз Билимов (77 кг).

Пикир

Оставить комментарий