• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык балбандар Түркиядагы эл аралык мелдеште 5 медаль багындырышты

Спорт 0

Бишкек, 21.06.21. /Кабар/. Кыргызстандык балбандар Түркияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште 5 медаль багындырышты. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Мелдеш 18-20-июнда Стамбул шаарында өттү.

Жоламан Шаршенбеков күмүш, Атабек Азисбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков жана Калидин Асыкеев коло медалды жеңди.

Пикир

Оставить комментарий