• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык балбандар Түркиядагы эл аралык турнирде 3 медаль алышты

Спорт 0

Бишкек, 6-март /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. КРнын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Бишкекке 3 медаль менен кайтып келишет. Бул тууралуу КРнын күрөш федерациясы билдирди.

Алардын маалымат боюнча, Кыргызстандын грек-рим стилиндеги балбандары 4-5-мартта Стамбулда (Түркия) өткөн «Vehbi Emre & Hamit Kaplan 2017» эл аралык турнирине катышышты. Мелдештин биринчи күнү медалдардын 4 комплекти үчүн (59 кг чейин, 71 кг чейин, 80 жана 98 кг чейин) таймаш болду. 59 кг чейинки салмак категориясынын беттешүүлөрүндө Кыргызстандан барган 2 спортчу Калы Сулайманов жана Каныбек Жолчубеков жакшы натыйжаларды көрсөтүштү.

Таймаштын жыйынтыгы боюнча Калы Сулайманов алтын, Каныбек Жолчубеков күмүш, ал эми Нурбек Абдуганиев коло байге алышты.

Пикир

Оставить комментарий