• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык балбандар Түркиядан 5 медаль менен кайтышты

Спорт 0

Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбандар Түркиядагы Yasar Dogu эл аралык мелдеште 5 медаль багындырышты. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан билдиришти.

Мелдеш 25-27-июнда Стамбул шаарында өттү.

Кыргызстандын балбандары Алибек Осмонов (65 кг) алтын, Эрназар Акматалиев (65 кг) жана Алмаз Сманбеков (57 кг) күмүш, Бекболот Мырзаназар уулу (57 кг) жана Улукбек Жолдошбеков (61 кг) коло медалды утушту.

Белгилей кетсек, Алибек Осмонов менен Эрназар Акматалиев 65 кг салмакта күч сынашып, экөө тең финалга чыккан. Бирок Акматалиев жеңишти улуу катары Осмоновго ыйгарып, күрөшпөй койгон.

Пикир

Оставить комментарий