• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык балерина Санкт-Петербургда өткөн сынакта гран-при алды

Маданият 0

Бишкек, 08.01.19. /Кабар/. Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын студенти Ясмин Жанботоева Санкт-Петербург шаарында өткөн сынакта “соло 14-17 жаш” номинациясында гран-при утуп алган. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматынан кабарлашкан.

“Мен мугалимдерим Ахмадалиева Аидага, Аксенова Натальяга жана апама ыраазычылык билдирем”, - дейт Жанботоева.

Эскерте кетсек, Санкт-Петербург шаарында 4нөн 8-январга чейин классикалык жана заманбап бий боюнча балдар жана жаштар арасында сынак-фестиваль өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий