• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык башка бирөөнүн паспорту менен Каазкстанга өтүүгө аракет кылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.05.18. /Кабар/. Кыргызстандык башка бирөөнүн паспорту менен Казакстанга өтүүгө аракет кылган,-деп билдирет Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 9-май күнү “Чоң-Капка- унаа жолу” көзөмөл-өткөрмө жайында чек арачылар тарабынан кыргыз-казак чек арасын башка бирөөнүн паспорту менен кесип өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жараны кармалган.

Паспорт текшерүү маалында КРнын 1982-жылкы М.Р., аттуу жараны башка Кыргызстандын жаранына таандык болгон паспортту көрсөткөн. Сурамжылоодо кармалган жаран Казакстанга кирүүгө тыюу салынган жарандардын тизмесинде болгондугу аныкталган.

Тиешелүү документтер түзүлүп, кармалган жаран КР УКМК кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий