• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандык Бек Токтогул уулу грек-рим күрөшү боюнча мелдеште күмүш байге утту

Спорт 0

Бишкек, 7.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Бек Токтогул уулу грек-рим күрөшү боюнча эл аралык Grand Pix of Germany турниринде күмүш байгеге илинди. Бул тууралуу Бириккен күрөш уюмунун (UWW) расмий сайтында жарыяланган.

Турнир Дортмунд шаарында 3-4-август күндөрү болуп өткөн.

Мекендешибиз 55 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып 2-орунду багынткан. Тизменин сап башында россиялык Виталий Кабалоев турса, 3-орунга германиялык Фабиан Шмит илинген.

Дагы бир мекендешибиз Анвар Алапаев 60 кг чейинки салмак ченинде катышып, тизменин 5-орунунда жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий