• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык белгилүү хирург Мамбет Мамакеев Гиннес рекорддор китебине кирди

Коом 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. Кыргызстандык белгилүү хирург, академик, Эл баатыры Мамбет Мамакеев Гиннес рекорддор китебине кирди.

Мамакеевдин эң узакка созулган карьерасы 67 жыл 181 күндү түзөт. Рейтинг 2020-жылдын 29-февралында жарыяланган.

Медицина илимдеринин доктору, профессор Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылында төрөлгөн. Өзүнүн эмгек жолун 1952-жылы баштаган. Ал 200гө жакын илимий иштердин автору, алардын 9у монография. 2004-жылы ага "КРнын Баатыры" деген наам ыйгарылган.

Пикир

Оставить комментарий