• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык бийчи дүйнөлүк бий сынагына катышат

Маданият 0

Бишкек, 25-июль /Нуркыз Сабырова – Кабар/. 14 жашар Темирлан Ташматов Амстердамда өтө турган “Summer Dance Forever” бий сынагына катышууга камынууда.

Ташматовдун окутуучусу Жан Воиновдун билдиришинче, ал жакында эле Астанада өткөн “International Street Dance Session” аталышындагы Азия чемпионатында бийдин "Popping Beginners" түрү боюнча мыкты деп табылган.

“Ал Азиянын 500 мыкты бийчисинин арасынан суурулуп чыкты. Анын атаандаштары абдан күчтүү бийчилер болчу. Эми биз аны Амстердамда өтө турган дүйнөлүк чемпионатка жөнөтүүнү чечтик. Анда Темирлан дүйнө жүзүндөгү 30 өлкөдөн келген бийчилер менен беттешет. Учурда демөөрчү издеп жатабыз. Биздин эсеп боюнча болжолу менен 120 миң сом кетет”,-дейт Воинов.

“Summer Dance Forever” фестивалы ар жылы өтүп туруучу масштабдуу иш чара болуп эсептелет. Бул жылы ал 15-23-августка чейин салтка айлангандай Амстердамда өтөт.

Аталган сынакта дүйнөдөгү мыкты бийчилердин тобу калыстык кылат. Ошондой эле, фестивалдын алкагында бийчилерге мастер-класстар өткөрүлүп турмакчы.

Пикир

Оставить комментарий