• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстандык бийчилер БАЭ турнирде “алтын” утушту

Спорт 0

Бишкек, 12.12.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Бириккен Араб Эмираттарында өткөн бий боюнча эл аралык турнирде алтын утушту. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине аталган спорттун түрү боюнча федерациядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “WDSF International Open taken place in Dubai-2017” иш-чарасы БАЭда 2017-жылдын 10-декабрында өткөн.

Турнирде Италия, Германия, Финляндия, Польша, Швеция, Россия жана бир катар Европа жана Азия өлкөлөрүнөн жалпысынан 50 жуп катышкан.

Семеренко Артем менен Качалко Валерия турнирде биринчи орунду ээлешип, алтын медаль алышты.

Пикир

Оставить комментарий